super.kg logo
  Саясат  

Оштогу Барак айылынын тургундары облус бийлигине бир катар талаптарды коюшту

 

Өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлү Сооронбай Жээнбеков 16-январда Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл округунун Барак анклавынын тургундары менен жолугушту.Жолугушууда Барактын тургундары облус жетекчисине бир катар талаптарды койду. Өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн айтымында, Барак айылынын тургундары эки тарапка өтүүчү кыргыз-өзбек чек арасындагы Кыргызстандыктарга өзбек чек арачылары тарабынан талап кылынган 10 килограммдан ашкан жүккө суралуучу аныктаманы жокко чыгарууну суранышты. Мындан сырткары суткасына 4 сааттан өчүрүүлүчү электр жарыгына нааразычылыктарын айтышты. Өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлү Сороонбай Жээнбеков бул маселе учурда ЖКда каралып жаткандыгын билдирип, “Сиздердин талапты “Сох” анклавы боюнча иштеп жаткан ведомстволор  аралык комиссияга кароого киргизгенге аракеттенем”, - деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: