super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы 2015-жылы алгачкы жолу өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн абак ачуу пландалганын айтты

 
Бүгүн, 2-июлда КРнын Премьер-министри Жоомарт  Оторбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү абагында болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы кылмыш-жаза системиндеги ишмердүүлүк менен таанышуу максатында барып, №31-түзөтүү абагында кургак учукка чалдыккандарды дарылоо үчүн курулуп жаткан жаңы корпустардын абалын көрдү.

"2015-жылы өлкөдө алгачкы жолу өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн түрмө ачууну пландап жатабыз. Аталган маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен Каржы министрлигине аткарыла турган ишти өз учурунда бүтүрүү боюнча тапшырма берем. Жаза аткаруу кызматы үчүн бюджеттен 800 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнөрүн билебиз. 

2015-жылы аталган мекемеде иштегендердин кызматынын маанилүүлүгүн белгилеп, бөлүнүүчү каражатты көбөйтүүнү пландап жатабыз. Кыргыз өкмөтү Жаза аткаруу кызматында иштегендер өмүрүн тобокелге салып иштээрин эске алып, 2014-жылдын 1-апрелинен тартып 4 миңге жакын кызматкердин айлык маянасын жогорулатты",- деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: