super.kg logo
  Саясат  

"Республиканын" лидерлиги талашта: Жаңы түзүлгөн депутаттык фракциянын чечими

 
Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын лидерлиги талашта. Кечээ, 1-июлда фракция лидери болуп Абдыжапар Бекматов дайындалганы, тийиштүү чечим фракциядагы 12 депутаттын колдоосу менен кабыл алынганы айтылган эле. Бүгүн, 2-июлда фракциянын катчылыгы "12 депутаттын чыгарган чечими мыйзамсыз, фракция лидери катары Максат Сабиров өз ишин улантууда" деп маалымат таратты. Мындан кийин 12 депутаттын чечими менен түзүлгөн депутаттык фракция кайрадан билдирүү жасады. Анда булар айтылат:
"2014-жылдын 30-июнь күнү "Республика" фракциясынын 12 депутатынын чечими менен Жогорку Кеңештин регламентинин 3-главасынын 10-беренесинин пункттарына ылайык, фракция лидерлигине Бекматов Абдыжапар Гапырович шайланган (чечим тиркелет). Бул чечимге нааразычылык билдирип, буга чейинки фракциянын лидери Максат Сабиров көпчүлүктүн чечимин тааныбай, фракциянын катчылыгынын колу менен көшөгө артында саясий оюндарды жасап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды ЖМКларга таратып жатат. Айта кетсек, бүгүн, 2-июлда фракциянын катчылыгы билдиргендей, мурда фракциянын курамынан чыккан Шаршенбек Абдыкеримов, Алмазбек Баатырбеков кайрадан фракциянын курамына кирүү тууралуу эч кандай чечим кабыл албаганын жана мындай маалыматы жок экендигин билдиришти. Демек, катчылыктын бул маалыматы чындыкка дал келбейт.  

Буга байланыштуу жаңыдан түзүлгөн “Республика” фракциясы ЖМКлардагы жогорудагыдай туура эмес маалыматтарга ишенбей, көпчүлүк фракциясынын расмий чечимине, Баш мыйзамга жана регламентке негизделген билдирүүлөргө ишенүүгө чакырат".

12 депутат кабыл алган чечим төмөндө:






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: