super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Парламенттик ассамблеянын туруктуу комитеттеринин резолюцияларына бир катар сунуштарды киргизишти

 

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июндан 1-июлга чейин ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын саясий маселелер жана коопсуздук, демократия, адам укуктары жана башка бир нече маселелер боюнча комитеттеринин жыйындарына катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-июлда билдирди.

ЖККУ ПАнын Экономикалык маселелер, илим, технология жана айлана-чөйрө боюнча комитетинин төрайымы, депутат Роза Акназарова аталган комитеттин резолюциясынын долбооруна бир катар түзөтүүлөр менен чыкты. Депутат Улукбек Кочкоров аталган комитеттин жыйынынын жүрүшүндө суу ресурстарын кайра айлантуу жана кайрадан колдонуу практикасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле өндүрүш процессинин натыйжалуулугун көтөрүү жолу менен таштандыларды кыскартуу боюнча сунуштарын берди. ЖККУ ПАнын Саясий маселелер жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков бул комитеттин резолюциясына ЖККУ аймагындагы коопсуздукка коркунуч келтирип турган чыр-чатактарды жөнгө салуу максатында эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө ЖККУга мүчө мамлекеттердин күч-аракеттерин жактыруу тууралуу жаңы пунктту киргизүүнү сунуштады.

Ошондой эле депутат резолюциянын жеңил жана ок аткыч куралдарды мыйзамсыз сатууну, таркатууну чектөө, тыюу салуу жана көзөмөлдөө боюнча жаңы чараларды кабыл алуу жөнүндө пунктуна түзөтүү киргизди.

Кыргыз тараптын ЖККУ ПА туруктуу комитеттеринин документтерине берген бардык сунуштары менен түзөтүүлөрү көпчүлүк добуш менен жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: