super.kg logo

Врачтардын айынан жүрөгүнө ийне сайылып майып болгон Баатырбектин атасы Саламаттыкты сактоо министрлигин сотко берет

 
Баатырбек жакындары менен сот отурумунда
Баатырбек Талантбек уулу
Баатырбек чоң энесинин колунда. Ал "Баатырбек башкасын сезбесе да, мээримди сезет" дейт.
Баатырбектин атасы Талантбек Жортушев

Врачтардын айынан жүрөгүнө ийне сайылып майып болгон Баатырбектин атасы Саламаттыкты сактоо министрлигин сотко берүүнү чечти. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда болгон соттук отурумда айтылды.

Белгилүү болгондой, 2000-жылы Талантбек уулу Баатырбек 1 жаш 8 айга толгон кезде колунан күйүк алып №4-ооруканага келип түшкөн. Ага операция жасатуу зарылчылыгы келип чыгып, дарыланып жаткан мезгилде врачтар бошоп калган катетердеги ийненин жарымын кесип салышып, жарымы денесинде калып калган. Ал учурда врачтар эч кандай ийне баланын денесинде калбаганын айтышкан. Бирок кийин ооруканадан сакайды деп чыгарылган Баатырбектин ден соолугу начарлаганынан улам текшерүүдөн өткөн. Текшерүүдө анын жүрөгүндө белгисиз зат бар экени аныкталып, операция жасалганда жүрөгүнөн узундугу 2,5 жана 7,5 сантиметр ийне табылган. Мындан кийин Баатырбек 43 күн эсине келбеген абалда жатып, сүйлөбөй, кишини тааныбай, баса албай, майып болуп калган.

Бул боюнча Баатырбектин атасы Талантбек Жортушев Ленин райондук сотуна №4-оорукананын врачтары: күйүктөр бөлүмүнүн башчысы К.Сарбанованын, палатанын дарыгери И.Бабичеванын жана хирург Б.Жапаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. 2001-жылдын 12-июнунда сот К.Сарбанова менен Б.Жапаровду “жеңил жаракат келтирген” деп айыптап, кийин мунапыска таяп туруп актап жиберген. Ал эми Бабичеванын үстүнөн сот иши уланып, аны ушул ишке күнөөлүү деп тапкан.

Туура 13 жылдан кийин, тактап айтканда, бүгүн, 2-июлда аталган иш боюнча граждандык сот отуруму уланып, күнөөлүү деп табылган Бабичева жабырлануучу тараптын моралдык чыгымдары үчүн 100 миң сом жана материалдык чыгымдары үчүн 95 миң сом төлөп бермей болду. Ошондой эле Ленин райондук соту №4-оорукананын ошол учурдагы Күйүктөр, азыркы учурдагы Травматологиялык жана ортопедиялык борборунун жалпысынан 100 миң сом акчалай айыпка тартылуусун буйруду.

Бирок майып болгон Баатырбектин атасы Талант Жортушев соттун чечими аны канааттандырбаганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду: 

“Чынында, биз Баатырбектин дары-дармегине, башка кем-карчысына 100 миң сом коротобуз. Ал эми Бабичева аттуу айымдын бул жерде анчалык деңгээлде деле күнөөсү жок. Айтайын дегеним, "Саламаттык сактоо министрлиги эч кандай моралдык-материалдык чыгым төлөп бербейт" деген чечим чыкты. А негизинен биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген жолдомо кагазы менен үй-жайыбызды, оокатыбызды сатып жол кире кылып, Москвага Баатырбекти дарылатуу үчүн жөнөп кеткенбиз. Москвадан биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин жолдомосу менен келгенибизди айтсак, биз барган поликлиниканын профессорлору “Эмнеге туура эмес коюлган диагноз менен жиберишет? Эмнеге чыгымыңарды төлөп беришпейт, силерде ушундайбы?” деп таң калышты. Ошончо барган соң дарылаталы деп 6 ай дарылаттык. Бирок акчабыз жетпей келе берген элек. Демек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин үстүнөн уулума туура эмес диагноз коюп жана мени эбегейсиз чыгымдарга учуратып Москвага жөнөткөнү үчүн арыз жазам. Андан көрө ошол чыгымга балама канчалаган дары-дармек алып бермекмин. Москвага кетип жатканда жашап жаткан үйүмдү, ошол учурда мага киреше алып келип жаткан тиричилик булактарымдын баарын сатып, акча кылып чогултуп алып кеткем. Эми минтип баламдын күнүмдүк дарысына, батир акысына, тиричиликтеги керектөөлөрүбүздүн баарына каражатты араң таап жашап жатабыз”

Айта кетсек, учурда Баатырбек 17 жашта. Ден соолугунун айынан улам денеси өспөй калгандыктан, 7-8 жаштагы баладай көрүнөт. Жакындарынын айтымында, Кытайдагы, Германиядагы бир катар ооруканаларга кайрылышканда, Баатырбектин оорусу күчөп кеткендиктен, аны дарылоого мүмкүн болбой калгандыгы тууралуу жооп келген.   

   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
02.07.2014. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта. Байкуш бала. :(
02.07.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майып кылган врачты психикалык текшеруудон откоруу керек.
02.07.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтардын кайдыгерлиги,
шалаакылыгы...((((
03.07.2014. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр эч ким соттолбой калдыго кыргызстанда. Кандай кылмыш кылса деле психикалык оорусу бар деген справка тапшырып коетда оздору иштей берет.
03.07.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыргызстандын врачтарын олум жазасына эле тарта турган болуп калышты, то майып кылышат, то ууурдап сатып жиберишет, то кылмышкерлерди качырышат, то олутуруп деле коюшуп,акталып чыгышат,каргыш тийгир акмактар!!!!
03.07.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жазасын берсин
03.07.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуусун акча менен бутургон эми врач болуп иштеп ийне сайганды да билбейт.
03.07.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтардын шалаакылыгынан ата-энелер кыйналат.Кудайым ата-энесине куч-кубат,омур берсин.
03.07.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо адамдан жонокой медсестра Бабичеваны крайняя кылып коюшкан тура. Врачтар куноолорун акча менен жууп сала турган заман болуп калды го.
03.07.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучтуу врачтар башка олкого кетип калышып,КРда окууну акча менен буткон "экичилер" калган го...
03.07.2014. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул баланы изираилде даарылайт екен деп изираилге алып кетишти елего же изираилге барышпаптырбы мен баатырмын деген кайрымдуулук концерт да болду елего
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: