super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков "Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүү жолуна түштү" деди

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 2-июлда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия жана Монголия боюнча директору Масару Хонма менен жолугушту.

Жолугушууга банктын улук саясий кеңешчиси Махир Бабаев, банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Лариса Манастырли жана башкалар катышты.

Жээнбеков Кыргызстандын ЕРӨБ менен кызматташуусун өнүктүрүүнүн маанисин белгилеп, өлкөгө көрсөткөн инвестициялык колдоосу менен жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди. Парламенттик демократияны бекемдөө, инвестициялык климатты жакшыртуу багытында жасалып жаткан иштерге токтолду. “Жаңы Конституция кабыл алынгандан бери 4 жылдын жүзү болуп, Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүү жолуна түштү. Биз туруктуулукту камсыздай алдык. 2015-жылы туруктуу өнүгүү фазасына өтүшүбүз күтүлүүдө”,- дейт Жээнбеков.

Хонма аталган банк менен Кыргызстандын өз ара байланышынын өнүгүү деңгээлине оң баасын берди. 

“Эки тараптын кызматташуусу ырааттуу өнүгүүдө. Биз Кыргызстандын демократиялык баалуулуктарды алга жылдырууда алыска барарына бекем ишенебиз. Сиздер бул жолдо олуттуу натыйжаларга жете алдыңыздар. Кыргызстандагы инвестициялык климаттын жакшыруу тенденциясына байкоо салып келебиз”,- деди Хонма.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: