super.kg logo
  Саясат  

"Шералы хандын чокою" акциясынын уюштуруучуларына сот эскертүү берди, активисттер "Кыргызстандын көйгөйлөрүн ачыкка чыгарууну уланта беребиз" дешет

 

Бүгүн, 2-июлда Бишкектеги КРнын Маданият министрлигинин алдында өткөн “Президентке Баткенден Шералы хандын чокою” аттуу акциянын уюштуруучуларына сот эскертүү берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.

“Биз бүгүн митинг, пикет эмес, жөнөкөй көчмө жыйын уюштурганбыз. Иш-чара аяктап жатканда милиция кызматкерлери бизди кармап кетишти. Соттук отурумда алар “Бишкек ШИИББинин буйругун аткардык” деп айтышты. Демек, бийлик жаш саясатчыларга каршы чыгууда. Бирок буга карабастан, биз Кыргызстанда болгон көйгөйлөрдү ачыкка чыгарууну уланта беребиз”,- деди активист.

Эске салсак, бүгүн, 2-июлда Бишкектеги КРнын Маданият министрлигинин алдында “Президентке Баткенден келген Шералы хандын чокою” аттуу акция өткөн. Анын уюштуруучулары "аталган чокойду Ак үйгө алып барабыз" деп жөнөп баратышканда 50 чакты милиция кызматкери аларды токтотуп, Биринчи Май РИИБине алып кетишкен. Активисттерге "милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө" деген айып тагылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: