Кыргызстандагы 25 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кышкы кийимдер берилди
БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку Комиссарлыгы Кыргызстандагы 25 миңден ашык жакыр жашаган үй-бүлөгө жылуу кийим таратты. Бул тууралуу аталган эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. 30 тоннага жакын кийим-кече балдар менен чоңдорго бирдей таратылды. КРдагы Мамлекеттик социалдык мекемелер япониялык гуманитардык борбор тарабынан жөнөтүлгөн 87 миңден ашык жылуу кийимдерди элге таратууга көмөк көрсөттү. “Көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн жыл мезгили өтө оор. Жакыр үй-бүлөлөр кыштан чыгуу үчүн кошумча жардамга муктаж. Биз 134 миң доллар суммасындагы жардам берген япониялык уюмга терең ыраазыбыз”,- деди БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку Комиссариатынын Кыргызстандагы өкүлү Йоханн Сиффоант.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

