Бишкектеги Октябрь районунда 5 ай ичинде 3700гө жакын кылмыш-кырсык катталды
Бишкектеги Октябрь райондук администрациясында аймактык милициянын инспекторлорунун коомчулук менен иштешүүсү боюнча жыйын болуп өттү. Анда Райондук ички иштер башкармалыгынын 5 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчёту угулду.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Коомдук коопсуздукту сактоо боюнча бөлүмдүн башчысы Улан Чекировдун айтымында, Октябрь районунда 5 ай ичинде 3691 кылмыш-кырсык катталган. Алардын 851и боюнча кылмыш иши козголуп, 2663 материал боюнча кылмыш ишин козгоого тыюу салынган. Ал эми 1048 иштин бети ачылса, 106 материал боюнча чечим чыга элек.
Ошондой эле аталган мезгил аралыгында 19 иш-чарада коомдук тартип көзөмөлдөнгөн. Бул тууралуу 2-июлда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.