Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда “Алай” өз үйүндө “Абдыш-Атага” жеңилди

Кечээ, 2-июлда Ош жана Кочкор-Ата шаарларында футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында 2 беттеш орун алды. Ош шаарында “Алай” футболдук клубу канттык “Абдыш-Атага” каршы беттеш өткөрсө, кочкор-аталык “Нефтичи” бишкектик “Алганы” кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлайт.
Бул эки оюн тең коноктордун пайдасына чечилди:
“Алай” (Ош) – “Абдыш-Ата” (Кант) – 1:3
“Нефтичи” (Кочкор-Ата) – “Алга” (Бишкек) – 1:1
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.