Бишкекте “Жашоого музыка менен” аттуу иш-чара өткөрүлөт
6-июлда Бишкектеги соода борборлорунун биринде “Жашоого музыка менен” аттуу иш-чара өткөрүлөт.
Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда, иш-чарада ыр, бий өнөрлөрү тартууланат. Келген көрүүчүлөргө сынактар, суроо-жооп оюну уюштурулат. Эң башкысы, бул кечеде Аяна Касымова, Aiboy, Айым Айылчиева, Жан Воинов, Embargo жана башка ырчылар жандуу үн менен концерт коюшат.
"Бул иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз. Жайында үйдө отургуча келип көңүл ачып кетиңиздер",- дешет уюштуруучулар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.