Кара-Кулжада Суу чарба башкармалыгынын кызматкери "бюджеттен бөлүнгөн 200 миң сомду өздүк эсебине өткөрдү" деп шектелүүдө
Кара-Кулжада Суу чарба башкармалыгынын кызматкери "кызматтык жасалмачылыкка барган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери К.Б. кызмат абалынан пайдалануу менен аталган мекемеге өзүнүн уулун жана тууганын жумушка кабыл алган. Бирок алар жумушка келбей эле, алардын айлыгын К.Б. өзү алып турган.
Ошондой эле 2012-жылы аталган мекеменин оңдоп-түзөө иштерине 200 миң сом бөлүнүп, ал акчаны К.Б. өзүнө ыйгарып алган.
Аталган фактылар боюнча “кызматтык жасалмачылык,” “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.