Валерий Диль "Реемтсма Кыргызстан" ишканасынын жетекчилигин иштен бошогон кызматкерлерге кам көрүүгө чакырды
Вице-премьер-министр Валерий Диль 2-июлда "Реемтсма Кыргызстан" ишканасында болду. Компаниянын жетекчилиги ишкананы жабуу чечими өндүрүш-каржы иштери боюнча узакка жүргүзүлгөн анализдин негизинде кабыл алынганын айтты. Мындай чечим ITG тобунун Британиядагы жалгыз жана ири фабрикасы болгон Ноттингем шаарындагы фабрикага, ошондой эле Франциянын Нант шаарындагы фабрикага да тиешелүү экенин белгиледи.
Валерий Диль ишкананын абалы менен таанышып, компания жетекчилигин иштен бошогон кызматкерлерге тиешелүү кам көрүүгө чакырды.
Өкмөт мүчөсү белгилегендей, компанияга тийиштүү жабдуулар алынып чыккан соң, фабриканы кайрадан тармакташтыруу маселеси каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

