super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстандын негизги байлыгы – элибиз. Улуттун саламаттыгын сактоо – биздин башкы милдетибиз"

 

Бүгүн, 2014-жылдын 3-июлунда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ирсалиев Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. 

Куттуктоонун тексти: 

"Урматтуу медицина кызматкерлери, саламаттык сактоонун ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Муктаж болгондорго жардам берүүгө умтулуу – адамдык асыл касиет. Оор учурларда адамдарга зор үмүт жана ишеним жаратып, дайыма жардамга келесиздер. Сиздер аркалаган кесип талыкпаган эмгекти, мээримдүүлүктү, сабырдуулукту талап кылат. Көп учурда адамдарга кылган мээримиңиздер, жылуу мамилеңиздер дартка даба.

Кыргызстандын негизги байлыгы – элибиз. Улуттун саламаттыгын сактоо – биздин башкы милдетибиз. Алдыда аткарчу иштерибиз арбын. Биринчи кезекте медициналык тейлөөнүн сапатын арттырууга, аны коомубуздун бардык катмарына жеткиликтүү кылууга, саламаттык сактоонун материалдык-техникалык  базасын бекемдөөгө тийишпиз. Дарыгер кесибинин кадыр-баркын көтөрүүгө милдеттүүбүз. Эгемендүүлүктүн эң татаал жылдарында сиздер кесибиңиздерди таштап кеткен жоксуздар. Берген антка бекем турдуңуздар. Ак ниет жана асыл эмгегиңиздер үчүн таазим кылабыз. Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайм! Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп-өнүгө берсин!" 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: