super.kg logo

Кыргызстанда диний-экстремисттик иш-аракеттерде аялдардын катыштыгы көп катталып жатканы айтылууда

 

Бүгүн, 3-июлдагы маалымат жыйынында ИИМдин алдындагы 10-башкы башкармалыктын башчысы Рыскулбек Жапаркулов Кыргызстанда диний-экстремисттик иш-аракеттерде аялдардын катыштыгы көп катталып жатканы тууралуу айтты.

Анын айтымында, радикал-экстремисттик идеяларды таратууда мырзалар менен катар эле айымдар да активдүү катышып келе жатышат. 2005-жылы аялдар тарабынан каттоого алынган экстремисттик кылмыштардын көрсөткүчү 1,1 пайызды түзсө, 2014-жылга карата бул көрсөткүч 23 пайызга жеткен.

Ошондой эле жаштар арасында интернет аркылуу экстремисттик маанайдагы маалыматтар таратылып, мындай иш-аракеттерге психологдордун катышып жатканы да маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: