Бишкекте жолуккан Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрү Баткендеги айланма жолду куруу чечимине келишти
Бүгүн, 3-июлда Бишкекте жолуккан кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолун куруу чечимине келишти. Жолду куруу иши 10-июлда уланмакчы болду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдирилди. Ал эми 7-майдагы чатак учурунда жабыркаган кыргызстандык жарандарга компенсацияны тажик тарап жакында төлөп берүү милдеттемесин алганы айтылды.
Чек арада улам чыккан чыр-чатактардын айынан жогорудагы объекттерди куруу токтоп калган. Кезектеги чек ара сүйлөшүүсү бүгүн Бишкекте жыйынтыкталды. Кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, тажик делегациясын коңшу өлкөнүн вице-премьер-министри Муродали Алимардон жетектеди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:03
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















