super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы трассаларда оор жүктүү унаалардын жүрүшүнө чектөө кирди

 

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги мамлекеттик жана эл аралык маанидеги унаа жолдорундагы кыймылдарга убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июлда билдирди.

Ички иштер министрлиги жана Жол-кайгуул кызматы менен макулдашылып, 1-июлда “Унаа жолдордогу кыймылдарга убактылуу чектөө жөнүндө” буйругу чыкты. Ага ылайык, өлкө аймагында 3-июлдан 1-сентябрга чейин саат 09:00дөн 20:00гө чейин, күндүн ысыктыгы 28 градуска жетсе жана андан ашып кетсе, жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда оор жүктүү унаалардын жүрүүсү чектелет.

Оор жүк ташуучу унаалардын жолдордогу кыймылын чектөөнү Салмак өлчөө көзөмөл пункту камсыздайт,

мындай унааларды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун кыймылы күн сайын кечки саат 20:00дөн баштап кийинки күнү эртең мененки саат 09:00гө чейин кайра жанданат. Унаалардагы уруксат берилген жүктүн көлөмү 24 тоннадан, ал эми бир октук басым 7 тоннадан ашпайт. 

Буйрук жүргүнчүлөрдү ташуучу, гуманитардык жардамдарды ташуучу, бетон жана асфальт-бетон аралашмасын, кооптуу жүктөрдү ташуучу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга байланышкан жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу, унаа жолдорун куруу жана оңдоо үчүн ташуучу транспортторго тийиштүү эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: