“Жаран өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүш үчүн шаардын бюджетин ачык-айкын кылууну демилгелеп жатабыз” дейт демилге ээси Асылбек Чекиров
“Ар бир жаран өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүш үчүн шаардын бюджетин ачык-айкын кылууну сунуштап жатабыз”,- деди бүгүн, 3-июлда тегерек столдун жүрүшүндө “Бишкектин бюджетинин ачык-айкындуулугу” долбоорунун автору Асылбек Чекиров.
Анын айтымында, республикада акыркы жылдары бюджетти ачык-айкын кылуу боюнча жакшы иштер жүрүп жатат. “Мисалы, ар бир жаран өкмөттүн бюджетин интернет аркылуу текшере алат. Бишкектин бюджетин да ушундай кылганыбыз туура. Жакында Бишкекти өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынган. Анын негизги принциптерине туура келет”,- деди адис.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.