super.kg logo

Вице-мэр Мурат Исмаилов: “Бишкектин бюджетин ачык-айкын кылууну колдойм, бирок мэрия буга техникалык жактан даяр эмес”

 

Бишкек шаарынын бюджетин ачык-айкын кылууну колдойм. Бирок мэрия буга техникалык жактан даяр эмес,- деди бүгүн, 3-июлда тегерек столдун жүрүшүндө Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов.

“Мен 5 жылдан бери мэрияда иштеп келем. Бюджетти ачык-айкын кылуу боюнча 3 жыл мурун сүйлөшүүлөр болгон. Бирок конкреттүү эмес болчу. Менин оюмча, бюджетти ачык-айкын эмес, түшүнүктүү кылышыбыз керек. Албетте, бул демилге бир заматта ишке ашырылып кетпейт”,- деди вице-мэр.

Мындан тышкары ал аталган “Бишкектин бюджетинин ачык-айкындуулугу” долбоорун колдоорун баса белгилеп, керек болсо жардам көрсөтөрүн билдирди.

“Бишкектин бюджетинен акча каражаты кайсы майда-чүйдөгө кетирилгендиги ар бир жаранга керек эмес деп ойлойм. Аталган долбоорду ишке ашырууга мэрия техникалык жактан даяр эмес”,- деп кошумчалады М.Исмаилов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: