super.kg logo
  Саясат  

Биометрикалык маалымат чогултууда тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстанга Улуу Британиядан эксперттер келишет

 

Биометрикалык маалымат чогултууда тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстанга Улуу Британиядан эксперттер келишет. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Маргарет Фарнворт 3-июлда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен жолугушууда билдирди. 

Айтымында, биометрикалык маалыматтарды чогултуу мамлекеттин коопсуздугу жана акыйкат шайлоо өткөрүү үчүн керек.

“Улуу Британия өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана өкмөт үчүн келечектүү стратегия жана программаларды ишке ашырууда көмөк көрсөтүүнү улантат. Көптөгөн долбоорлор аткарылды жана алдыда бир катар долбоорлорду ишке ашыруу милдети турат”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: