super.kg logo

Оштун борбордук базарында 194 жеке объект бар

 

Ош шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, борбордук базарда жеке объектилердин чеги белгиленүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургундарынын арызынын негизинде жана Ош шаардык мэриясынын 10-июнунда кабыл алган токтомун ишке ашыруу максатында биринчи вице-мэр Замир Аскаров жетектеген комиссия тарабынан шаардын борбордук базарындагы жеке кичи базарлардын чегин аныктоо иши башталган.

Борбордук базарда аталган иш жарандардын бул маселе боюнча жеке кайрылууларынан улам башталганын айтат Замир Аскаров.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында 2-июлда мамлекеттик акт боюнча 16 объект аныкталды.

Ош шаардык өндүрүш жана жеке ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Алик Мурзалиевдин билдирүүсүндө жалпысынан борбордук базарда 194 жеке объект бар. Алардын ичинен 86сы жерди колдонуу боюнча мамлекеттик актыга ээ. Ал эми 108инде техпаспорт, соттун чечими жана мэриянын токтому гана бар.

Белгилей кетсек, комиссиянын мүчөлөрү тарабынан борбордук базардагы кичи базарлардын чегин аныктоо иши мындан ары да улантылмакчы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: