super.kg logo

Бүгүн Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул-күзөт кызматынын полкунун 35 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

 

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул-күзөт кызматынын полкунун 35 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ага КРнын ИИМи тарабынан аталган полктун айрым кызматкерлери "Ардак", "Азамат", "Кыргыз милициясына 85 жыл", “Милициянын отличниги” деген төш белгилер, мактоо баракчалары менен сыйланышты. 

Кошумчалай кетсек, Кыргыз ССРинин Ички иштер министри, милициянын генерал-майору А.К.Габдулиндин 1979-жылдын 3-июлунда чыгарган буйругунун негизинде милициянын Кайгуул-күзөт кызматы түзүлгөн. Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул-күзөт кызматынын полкуна 35 жыл болду.   

Ал эми 1994-жылы бул батальон кайрадан полк болуп куралган. Бул жылдар аралыгында аталган полк жеке эле Кыргызстандын борборунда эмес, көпчүлүк аймактарда өзүнүн кызматын өтөп келген. Алсак, 1980-жылы Москвада өткөн 22-Олимпиада оюндарында ал кездеги Фрунзе шаарынын Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери өз кызматтарын өтөп беришкен. Ошондой эле 1990-жылы Ош облусунда катталган массалык баш аламандыктарды токтотууда да аталган полктун эмгеги бар.

Буга катар эле 1999-жылы Баткен облусуна кирип келген согушчандарга каршы турууда да Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул-күзөт кызматы милдетин өтөп берген. Ал эми 2010-жылкы Июнь окуяларында аталган кызматтын 200 кызматкери Ош шаарындагы баш аламандыкты жоюуга салымын кошо алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: