super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугунун азыркы бомбардири Хамес Родригес: "Испаниялык “Реал” менен “Барселона” мага кызыгып жатат"

 
Хамес Родригести кызы трибунадан колдоп жатат.
Жубайы менен кызы Хамес Родригести трибунадан колдоп жатышат.
Криштиану Роналдуну кумир туткан жигиттин кийинки сезондо кайсы клубдун курамында ойноору көп кызык туудурууда.
Криштиану Роналдуну кумир туткан жигиттин кийинки сезондо кайсы клубдун курамында ойноору көп кызык туудурууда.
"Колумбиянын тарыхы үчүн биз баарын кылабыз" деген мекенчил жигит өз өлкөсүнүн гимнин аткарууда.
Футболчу жогорку ылдамдыгы жана майданда мыкты ой жүгүртө алганы менен айырмаланат.
Дүйнө чемпиондугу бул оюнчу үчүн чоң секирик болуп береринен шек жок.
Дүйнө чемпиондугу бул оюнчу үчүн чоң секирик болуп береринен шек жок.
Хамести командадан бөлүп карагандарга футболчунун жообу дайыма даяр: "Майданда баарыбыздын ролубуз бирдей". Бул жерде өнөктөшү Жексон Мартинес менен...
Х.Родригес мелдештеги эң кооз голдордун бирин киргизгени талашсыз. Уругвайдын дарбазачысы Хаместин абага көтөрүлгөн топту дарбазасынын үстүнкү бурчуна багыттаганын кеч байкап, тосо албай калды.
Бул курам чейрек финалдык оюндарда Бразилияга каршы турат.
Х.Родригес дайыма "Мен жасап жаткан иш оңой менен келген жок. Футбол үчүн көп жылымды бердим" деп айтып келет.

Убакыт өтүп жатат. Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 20 күндү артка калтырып, финалды көздөй жөнөп барат. Бул убакыт ичинде эмнелер гана болгон жок. Испания, Италия, Англиянын мелдештен четтеши... Сураестин атаандашын тиштегени үчүн үйүнө айдалганы... 

Ошол эле учурда Коста-Рика менен Колумбия чейрек финалга чыкты. Биз Колумбияга токтолобуз. Тагыраак айтканда, Колумбияны ушул баскычка “сүйрөп” келген Хамес Родригес тууралуу сөз болот. Х.Родригес 5 гол киргизип, “Лионель Месси менен Неймардын кимиси башкы бомбардир болот?” деген суроого жооп издегендерди чочуткандай болду. Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалга чейинки баскычынын мыкты бомбардири Хамес Родригестин ойлору менен таанышып коюңуз.  

Хамес Родригес

Клубу: “Монако” (Франция)

Лакап аты: Бам-Бам, Бандит

Туулган жылы, күнү: 1991-жыл, 12-июль 

Бою: 178 сантиметр

Үй-бүлөлүү. 1 жаштагы Саломея аттуу кызы бар

Хамес Родригес Дүйнө чемпиондугу тууралуу: “Биз өтө бактылуубуз. Анткени биз тарыхка калчу иш кылып жатабыз. Мен кичинемде Дүйнө чемпиондугунда ойноону кыялданчумун. Мен ойлойм, биз мындан ары да сапарыбызды улайбыз. Колумбия эли биз менен!”   

Кумири Криштиану Роналду тууралуу: “Криштиану Роналду - менин кумирим. Анын деңгээлине жетиш үчүн көп нерсени үйрөнүп, күн сайын өнүгүп турушум керек”. 

Кезектеги атаандашы Бразилия тууралуу: “Чейрек финалда Бразилия менен ойнойбуз. Бул команданы сүрөттөп отуруунун кажети жок. Бирок мен эч кандай толкундануу сезимине, коркуу сезимине туш боло элекмин. Биздин команда утулуудан коркпойт. Андыктан бразилиялыктар бизден коркушу керек. Чабуул уюштурганды жактырган 2 команданын оюну сөзсүз кызыктуу болот деп ойлойм”.  

Лионель Месси тууралуу: “Месси - футболдогу ажыдаар. Мен Мессинин айрым артыкчылыктарын өздөштүргөнгө аракет кылам. Бирок Месси менен чектелбейм. Мен карап, түздөнчү футболчулар көп”.  

Колумбия курамасы тууралуу: “Командадагы бардык оюнчулардын ролу бирдей. Мыкты ойногон Куадрадо сыяктуу футболчулар да бар. Жакшы оюнчулар менен чогуу ойногон жеңилирээк. Биз баарыбыз биргеликте алдыны көздөй жылып баратабыз”.

Европалык ири командада ойноо планы тууралуу: "Мен азыр “Монаконун” оюнчусумун. Мадриддик “Реал” менен каталондук “Барселонанын” мага кызыгып жатканын уктум. Менде мүмкүнчүлүк болсо, “Реалдын” сунушун кабыл алмакмын".  






Хамес Родригестин Уругвайга киргизген голу

Хамес Родригес - дүйнө чемпиондугунда мыкты оюн көрсөтүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
04.07.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рикелмеге окшоп олтуратко варотанын жанында
05.07.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ криштиану Роналдонун даны интервьюсун жазгылачы сураныч
05.07.2014. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lampard8, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
05.07.2014. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lampard8, эмне д.н интервьюсун окугун келет? Инети чукула, фейсбук, твиттерге кир везде Роналду и наслаждайся.
05.07.2014. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан Хамес эмес, а Жеймс Родригес.
07.07.2014. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cristiano, испанча Хамес деп айтылат...
Медиа-портал
07.07.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вай радригес тентек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: