super.kg logo
  Саясат  

Абибилла Кудайбердиев баш болгон кыргыз делегациясы Астанадагы Коргоо министрлер кеңешинин жыйынына катышат

 
Бүгүн, 4-июлда Астана шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин ишине Абибилла Кудайбердиев башында турган КРнын Коргоо министрлигинин Коргоо мекемесинин аскердик делегациясы да катышат. Күн тартибине ылайык, кеңешмеде шериктеш мамлекеттердин коргоо мекемелеринин көп тараптуу өз ара кызматташтыгынын ар кайсы багыттары боюнча ондон ашык маселелерди кароо мерчемделүүдө.

Атап айтканда, кеңешменин катышуучулары инженердик аскерлердин минаны гуманитардык зыянсыздандыруу боюнча иштерди жүргүзүүдөгү өз ара аракеттерин; аскердик багыттагы спутниктик байланыштар системин колдонуу маселелерин; спорттун аскердик-прикладдык түрлөрүн өнүктүрүү концепциясынын долбоорун; аскер кызматчыларынын (талаа, аба, деңиз) тажрыйбасы боюнча сынактарды (таймаштарды) уюштурууну; жогорку билим берүү уюмдарынын курсанттарынын эл аралык олимпиадаларын уюштурууну жана башка маселелерди талкуулашат.

Аскердик делегациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин өз коллегалары менен эки тараптуу жолугушуусу пландалууда. Анда аскердик-техникалык кызматташтык жана аймактык коопсуздук маселелери каралат. Мындан сырткары КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Казакстан Республикасынын Президенти катышкан Куралдуу күчтөрдүн Улуттук университетинин ачылыш салтанатына катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: