Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда мыйзамсыз курулган курулуштар сүрдүрүлдү

Көк-Жар жаңы конушунда мыйзамсыз курулган курулуштарды Бишкек мэриясы буздурду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 4-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Көк-Жар жаңы конушунун 2 тургуну өздөрүнүн жер тилкелерин, короолорун жолго чейин жылдыруу менен кеңейтип алышкан. Бишкек мэриясынын Индивидуалдык курулуш боюнча департаменти аталган курулушту буздурганы белгилүү болду. Ошондой эле департамент мыйзамсыз курулган мындай курулуштарды курууга жол берилбестигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.