Кыргызстан менен Казакстан өкүлдөрү эки тараптуу соода алаканы талкуулашты

Бүгүн, 4-июлда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары
Аскар Бешимов менен казакстандык кесиптеши Самат Ордабаев жолугушту. Бул тууралуу министрликтен кабарлады. Жолугушууда орун басарлар Кыргызстан жана Казакстандын мамлекет жана өкмөт башчыларынын иш сапарынын жыйынтыгы боюнча тапшырмаларын аткаруу сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулашты. Анын ичинен эки жактуу соода-сатык жана инвестиция багытында маселелерге басым жасалганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

