super.kg logo

Улуу Британиянын мураскери, ханзаада Чарльз жубайы Камилла Паркер Боулз менен ажырашканы жатат

 

Улуу Британиянын 65 жаштагы мураскери, ханзаада Чарльз 66 жаштагы жубайы Камилла Паркер Боулз менен ажырашканы жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, британиялык тактын мураскери болуунун тизмегинде биринчи орунда турган ханзаада Чарльз мындан көп өтпөй, эгерде ага мураскер болуу мезгили келсе, ал таажыны тун уулу, ханзаада Уильямга өткөрүп берерин жубайы Камилла Паркер Боулзга билдирген. Бул чечимин Улуу Британияны башкарууга улгайып калганы менен түшүндүргөн. Буга ачуусу келген Камилла күйөөсүнүн чечимин четке каккан.

Мындан улам ханыша Елизавета келинин ачык сүйлөшүүгө чакырган. Сүйлөшүү жабык эшик артында өтсө да, бул маалымат ал жерде иштеген кызматкерлерге белгилүү болгон. Анда тынчыбаган Камилла ханыша Елизаветага баласы менен ажырашарын, андан соң падышалык үй-бүлөнүн сырларын жаярын айтып коркуткан. Ал эми ханыша өз кезегинде ага кийимдерин чогулта берүүсүн билдирген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: