Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Ак-Талаада көп балалуу 39 энеге күбөлүктөр тапшырылды
Бүгүн, 4-июлда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ушул жылдын 15-июнунда чыгарган жарлыгына ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда көп балалуу 39 энеге күбөлүк тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты. Маалым болгондой, күбөлүктөрдү райондун акими Семетей Черикбаев тапшырды. Айта кетсек, буга чейин аталган райондо 56 эне Баатыр эне орденин алса, 26 эне Эне даңкы орденин алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

