super.kg logo

Бишкекте Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалышты

 
"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев тарабынан "смотрящий" деп дайындалган Мирлан Макаилов.

Ушул жылдын июнунда Бишкек шаарынын 11-кичи районундагы батирлердин биринен “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандардын бири, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 1984-жылы туулган Мирлан Макаилов А.Батукаев тарабынан “смотрящий” деп дайындалганы белгилүү болду. Издөө амалдарынын жүрүшүндө анын батиринен Ф-1 үлгүсүндөгү граната табылды.

Экинчи кармалган жаран Эрик Курмангалиев Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1982-жылы туулгандыгы аныкталган. Анын унаасынан баңгизат жана ок-дарылар: 5,45-калибрдеги 5 ок жана 9,6 грамм гашиш табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “ок атуучу куралдарды, жардыруучу заттарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 2-июлунда “кримавторитет”, "мыйзамдагы ууру" аталган Азиз Батукаев Орусия Федерациясынын курамындагы Чечен Республикасында колго түшүрүлгөндүгү боюнча маалыматтар чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
04.07.2014. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх биздин күч органдарыбыз буларды эмне өмүр бойу кармап кайра чыгарып жүрөбересңерби?
04.07.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almazbek79 - 5 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
05.07.2014. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Демек Батукаев келээри чын, шайкасы зонага кирип чогула баштаптыр.
05.07.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Батукаев эртен келет да буларды биздин чондордон сатып алып чыгарып кетет.
05.07.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буну политика деп койот Колбаев зонадан чыккандан кийин еми Батукаевди чакыртып атышат зонаны контрольдоп туруш учун булар бийлик мн иш кылышат каалашса отурушат каалашса чыгышат короче политика да
07.07.2014. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
смотрящилердин бары да жакшы,кязылдарга караганда,тартипти карашат
07.07.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батукаевти кантип алып келишмек эле,торпедасы Казбекти 4 жылдан бери Москвадан алып келе албагандан кийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: