super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда бүгүн 23 коммерциялык банктын 8и гана ипотекалык тейлөө көрсөтөт

 

Бүгүн, 4-июлда коммерциялык жана мамлекеттик банктардын, банк ассоциацияларынын, министрлик, ведомство жана Улуттук банк жетекчилигинин катышуусунда накталай эмес төлөм киргизүү жана ипотекалык насыялоону өнүктүрүү боюнча жыйын өттү. Ага өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев төрагалык кылды. 

Күн тартибиндеги ипотекалык насыялоо боюнча экинчи маселени кароодо Жоомарт Оторбаев өлкөдө жылына 1 миллион чарчы метр турак жай салынарын белгиледи. Эсептөөлөр боюнча, болжол менен 100 миллион чарчы метр талап кылынат, азыркы курулуш темпи сакталса, ага 20 жылга жакын убакыт керектелет.

Бишкекте ипотекалык насыялоонун жигердүү катышуусуз эле курулуш күч алуусу байкалууда, бирок муктаждыктарды канааттандырууга көп бар. Өнүккөн өлкөлөрдө ипотекалык насыялоо боюнча үстөктөр бизнес-насыяларга караганда төмөн эсептелет. Ал эми Кыргызстанда башка кырдаал орун алган, ипотекалык насыялоо ставкасы жогорулатылган жана бизнес-насыядан жогору турат”,- деди өкмөт башчы.

Ал кошумчалагандай, 23 коммерциялык банктын 8и бүгүн ипотекалык тейлөө көрсөтөт. 2014-жылдын май айына карата өлкөнүн банк тутуму боюнча 6,4 миллиард сомдук ипотекалык насыя берилген же банк тутумунун кредиттик портфелинин 9,9 пайызын түзөт.

Ипотека мөөнөтү 5 жылды түзүп, эң көп дегенде 10 жылга созулат, бирок бул бүгүнкү күндүн чындыгынан алыс болуп саналат. Учурдагы кредиттин ставкаларын жана берүү мөөнөтүн эске алганда, аларды ипотекалык деп атоо кыйын. Ипотекалык насыялар 10-25 жылга берилүүсү тийиш”,- деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: