super.kg logo
  Спорт  

Бразилия-2014: Германия Францияны 1:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты (фоторепортаж)

 
Германиянын күйөрмандары. Бул беттешке бир эле футболчулар эмес, күйөрмандар да күн мурунтан даярданышкан.
Көк формачан француздардын күйөрмандары да командасын жалгыз калтыруу ниетинде эмес болчу.
Дүйнө эли болсо жарым финалдын алгачкы жолдомосун алчу команда кайсынысы болоруна кызыгып жаткан.
Топ жер менен да, аба менен да кыйма-чийме жолду басып өтүп жатты. Бул эки команда тең, албетте, абадагы оюндарына көп ишенип келишкен.
Күтүлгөндөй эле гол дагы баш менен узатылган соккунун жыйынтыгында кирди. Хюммелс бул гол менен командасын эсеп катыштыгында алдыга алып чыкты.
Ал эми Франциянын дарбазачысы Уго Льорис ичинен кан өткөн бойдон бул топту өткөрүп жиберди.
Франциянын оюнчулары эсепти теңөө үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү тапканы менен, гол жарата алышкан жок.
Германиялыктар майдандын ортоңку бөлүгүндө атаандашты токтотууда оройлук кылып жатышты.
Албетте, бул үчүн тиешелүү жаза да берилбей койгон жок.
Көпчүлүк күткөндөй германиялык оюнчу гол киргизе алган жок. Коргонуу бул оюнчуну токтотуунун амалын мыкты өздөштүрүптүр.
Ошол эле учурда германиялыктар эсептеги артыкчылыктарын арттырууга мүмкүнчүлүк таап жатышты.
Германиянын башкы машыктыруучусу оюндун жүрүшүн ийгиликтүү көзөмөлдөп турду.
Франциялыктар оюндун ылдамдыгын жогорулатпай эле, башкы машыктыруучусу Дидье Дешамдын кан басымын көтөрүп жатышты.
Оюн бүтөр маалында Франциянын эсепти теңөөгө болгон мүмкүнчүлүгүн Карим Бензема бошко кетирди.
Германиянын күйөрмандары...
Франциянын оюнчулары ыйлаган бойдон мелдеш менен коштошушту.
Франциянын оюнчулары ыйлаган бойдон мелдеш менен коштошушту.
Ал эми Германиянын оюнчулары кайсы күнгө чейин кубанып жүрүшөрү азырынча белгисиз. Жарым финал Бразилия менен Колумбиянын утуп чыкканы менен болот.
Бүгүн, 4-июлдан 5-июлга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык оюндарынын алкагында Германия атаандашы Францияны утуп алды. Жарым финалдык жолдомо тагдырын жалгыз гол чечти. Голду оюндун 13-мүнөтүндө Хюммелс башы менен киргизди. Көбүнчө каршы чабуулдар менен эсте калган оюндун жыйынтыгында Германия кайрадан жарым финалга чыкты. Ал эми буга чейин жакшы оюн көрсөтүп келген Франция курамасы күйөрмандарынын колдоосу астында мелдештен четтеп калды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.07.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо баарыбир немецтер кучтуулук кылып кетти. Татыктуу жениш!
05.07.2014. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Germaniya alga!
05.07.2014. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deutschland super.....
05.07.2014. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото эле зээригичтуу оюн корсотушту...
05.07.2014. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зато женип кетти.......Германия чемпион уррраа
05.07.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия биринчи беттеште эле мыкты оюн корсоткон. Азаматсынар!
06.07.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
So sieht Sieger aus shaa - la - la - laa
dep yrdashat emi nemister
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: