super.kg logo
  Спорт  

Бразилия-2014: Бразилиялыктар жарым финалга чыгып сүйүнүшсө, колумбиялыктар көздөрүнө жаш алышты (фоторепортаж)

 
Оюн бул эки мамлекеттин расмий гимндеринин обого жаңыруусу менен старт алды.
Солдон оңго: Неймар, Халк, Оскар, Давид Луис жана Фернандиньо Бразилиянын гимнин аткарышууда.
Колумбия курама командасы.
Коргоочулардын катасынан пайдаланып, Тиаго Силва оюн эсебин ачып жатат.
Оюн өтө курч болду. Салыштырмалуу Хамес Родригеске карата эреже бузуу көп катталды.
Колумбиянын машыктыруучусу оюнчуларга кызуу кандуулукка алдырбай, оюн тууралуу гана ойлоо тапшырмасын берип жатат.
Топ үчүн болгон кезектеги күрөш.
Бразилиянын машыктуруучусу Луис Филиппе Сколари оюнчуларды майдан четинен башкарууда.
Майданда бразилиялык күйөрмандар өтө көп болду.
Бразилиянын экинчи голун Давид Луис айып соккусунан пайдаланып киргизди.
Дарбазачы бул топту тосууга жетише алган жок.
Кубанычы жүзүнө толкуп чыккан Давид Луис.
Сары айып кагазын алган Тиаго Силва Германияга каршы оюнга чыга албайт.
Оюн бүтөрүнө 10 мүнөт калганда бразилиялыктар эреже бузушту. Бул үчүн, албетте, 11 метрлик айып соккусу белгиленди.
Бразилиянын лидери Неймарга карата орой оюн ойнолуп, ал жаракат алып калды.
Белин оорутуп алган футболчу өз алдынча баса албай калып, аны майдандан дарыгерлер көтөрүп кетишти.
Бразилия курама командасы мелдештин жарым финалына чыга алды. Кезектеги атаандаш Германия болмокчу.
Бразилиялыктар көз жашын тыя албай жаткан Хамес Родригести сооротуп, элден анын мыкты оюну үчүн кол чабуусун суранышты.
Жеңиш голунун автору Давид Луис күйөрмандарга ыраазычылык билдирүүдө.

БРАЗИЛИЯ-КОЛУМБИЯ - 2:1

Голдор: Тиаго Силва (7-мүнөттө), Давид Луис (69-мүнөттө), Хамес Родригес (80-мүнөттө, пенальтиден). 

4-июлдан 5-июлга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык жолдомонун экинчи ээси да белгилүү болду. Жарым финалга мындан 4 саат мурун гана жолдомо алган Германиянын атаандашы Бразилия курамасы болмокчу. Бразилиялыктар чейрек финалдык оюнда Колумбияны 2:1 эсебинде утуп алышты.

Бул беттеш көпчүлүктүн купулуна толору күн мурунтан айтылып келген. Буга чейинки 4 беттешинде тең жеңүүчү аталган Колумбия өз үйүндө ишенимдүү ойноп жаткан Бразилияга каршы турду. Албетте, эки команда үчүн тең оюн оңой болгон жок. Майданда командалар тактикалык жактан мыкты жайгаштырылгандыктан, эки команда тең чабуулга багытталган оюн алып барды. Бул жагынан командалар жогорку ылдамдыктагы оюнду, командалык оюнду жана мыкты каршы чабуулдарды күйөрмандарга тартуулап беришти. Оюндун тагдырын жалаң стандарттык абалдар чечти. Алгач бразилиялыктардан Тиаго Силва бурчтан чыгарылган топту голго айландырса, Давид Луис айып соккусунда топко атаандаштын дарбазасынан орун алып берди. Оюндун жыйынтыкталарына аз калганда гана Колумбиянын лидери Хамес Родригес пенальтиден гол киргизип, оюндагы эсеп катыштыгын 1 голго жеткирди. Жалпысынан стандарттык абалдарды эске албаганда, майданда кайсы бир команданын оюндун жүрүшүнө көзөмөл кылганын айтуу кыйын.

Оюндан кийин Колумбиянын оюнчулары көздөрүнө жаш алып, мелдеш менен коштошушту. Өзгөчө Халкка карата эреже бузуп, 2-голдун кирүүсүн шарттаган айып соккусу үчүн өзүн күнөөлүү сезип калган Хамес Родригес (Колумбиянын лидери) шолоктоп жатты. Ага үйрүлө түшүп мамиле кылган бразилиялыктар сооротууга аракет кылышты. 
Идеалдуу оюн деп эсептелген футболдун бир гана жаман жагы ушул, командалардын мыкты экенине карабай бири мелдеш менен коштошот. Андыктан жарым финалда Германияга каршы ойной турган Бразилияга ийгилик, ал эми үйүнө кете турган Колумбияга байсалдуу сапар кааламакчыбыз. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
05.07.2014. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия менен жарым финалдык беттеште Неймардын оюнга чыгуусун кутобуз!!!
05.07.2014. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luisтин тепкен голу жакты, эн мыкты тепти.Неймарды майып кылмай болушту го байкасам?
05.07.2014. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калумбия ото кырам ойноду атайлап эле тээп 10- номердеги баланы ..кырам ойногонуна дагы кудайым жардам бербеди. А Бразилья ото жакшы ойноду Бразильяага ийгилик
05.07.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колумбия жакшы ойноду 10 номердеги оюнчу жалко болду аябай жакшы ойнойт экен.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: