Жарандардын коомдук иштерге катышуусун жакшыртууга багытталган долбоор жаштарды катарына чакырууда
Этностук тең укуктуулукту, жарандардын коомдук иштерге катышуусун жакшыртууга багытталган долбоор жаштарды катарына чакырууда.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Белгилүү болгондой, жогорудагы иш-чараны иш жүзүнө ашыруу максатында уюштуруучулар хип-хоп, рэп, брейк-данс, граффити, режиссура, айтыш, "Тамашоу" жана чыгармачылыктын башка тармактарында таланттарын көрсөтүп келе жаткан жаштарды иштешүүгө чакырат.
Долбоордун негизги максаты жаштардын коомдук иштерге катышуусу аркылуу өлкөдөгү тынчтыкты бекемдөө болуп саналат. Жаштардан түзүлгөн топтор аймактарда жарандык коом менен байланышып, фестиваль, семинарларды өткөрүп турат.
"Жаштарды өнүктүрүү институту" жана "Youth of Osh" коомдук бирикмелеринин долбооруна КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көмөктөшүүдө. Бул тууралуу 5-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:48
2025-09-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.