Бразилия-2014: Аргентина Бельгияны 1:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты (фоторепортаж)



"Улуттук" деп аталган стадиондо чогулгандардын басымдуу бөлүгү Аргентинанын күйөрмандары болду.

Аргентинанын күйөрмандары.

Бельгиянын күйөрмандары.

Бельгия курама командасы.

Аргентина курама командасы.

Беттешти италиялык калыс Никола Риццолинин бригадасы тейледи.

Гонсало Игуаин коргоочулардын катасынан пайдаланып, оюн эсебин ачты.

Гонсало Игуаин коргоочулардын катасынан пайдаланып, оюн эсебин ачты.

Эден Азар менен Хавьер Маскерано топ үчүн болгон күрөштө.

Оюндун экинчи бөлүгүндө Аргентинанын мыкты оюнчуларынын бири Анхель ди Мария жаракат алып, майдандан чыгып кетти.

Бельгия утулуп жатканына карабай Дүйнө чемпиондугунун кубогунан үмүт үзбөгөн күйөрман.

Лионель Мессиге каршы бельгиялыктар бир катар эрежелерди бузуп жатышты.

Аргентинанын башкы машыктыруучусу Алехандро Сабелья оюнчуларга майдан четинен тапшырма берип жатат.

Маруан Феллаини пайда болгон кырдаалдан пайдаланып, гол киргизе алмак. Бирок ал бул учурду сая кетирип койду.

Бельгиянын жарым коргоочусу де Брюйне кезектеги чабуулду уюштуруп жатат.

Оюндун курч мүнөздө өткөнүн тануу мүмкүн эмес.

Аргентинанын лидери Лионель Месси кезектеги чабуулду уюштурууда.

Дарбазачылар бир топ соккуну артка кайтарышты.

Дарбазачылар бир топ соккуну артка кайтарышты.

Жарым финалдык жолдомону жулдуруп жиберишкен Бельгиянын оюнчулары...
Аргентина-Бельгия – 1:0
Гол: Гонсало Игуаин (8-мүнөттө)
Бүгүн, 5-июлдан 6-июлга караган түнү футбол боюнча Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык оюнунда Аргентина жана Бельгия курамалары кез келди. Аргентина 1:0 эсебинде жеңишке жетишип, жарым финалдык жолдомонун ээси болду. Аргентиналыктардын жарым финалдагы атаандашы Голландия жана Коста-Рика курамаларынын ортосундагы оюндун жеңүүчүсү болмокчу. Жарым финалдык оюн 9-июлдан 10-июлга караган түнү орун алат.Бул
оюндун тагдырын ыкчам киргизилген жалгыз гол чечип койду. Оюндун башында каршы
чабуулда Гонсало Игуаин топту дарбазага таамай багыттай алды. Оюндун калган бөлүгүндө
Бельгия топко ээлик кылып, бир катар чабуул уюштурду. Ал эми Аргентина
коргонууга ыктам, каршы чабуул менен атаандаштын дарбазасын көздөй жылып жатты.
Бир катар мүмкүнчүлүктөрдү голго айлантуу командалар үчүн ишке аша берген жок.
Бельгия дагы бир ирет командалык оюн кура аларын далилдеп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
kama_future_millioner

06.07.2014. 02:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз
adiletik

06.07.2014. 08:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ар ким бактысынан корот да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.