super.kg logo
  Спорт  

Бразилия-2014: Чемпиондукка негизги талапкер 4 команда жарым финалга чыкты

 
"Бразилия Неймарга көз каранды" деген сөздөр канчалык чын экенин жарым финалда көрөбүз. Анткени Неймар жарым финалда жаракатына байланыштуу ойнобойт.
Германия курама командасынын оюну ар түрдүүчө өтүүдө. Бирде атаандашынын оюнуна түшүп, бирде атаандашын өз оюнуна сүйрөп алган германиялыктардын жарым финалдагы оюну кызык.
Голландиялыктар Арьен Роббен менен Робин ван Перси Дүйнө чемпиондугунан кийин кийинки муунга орун берет.
Лионель Месси жүргөн жерде фантастикалык оюн көп болот. Бирок Аргентинанын оюнун фантастика менен айкалыштыруу кыйын.

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу канчалык кызыктарга бай болбосун, жарым чейрек финалдан жарым финалга чейин футбол адистери же букмекерлер фаворит деп эсептеген командалар жеңишке жетишип келишти. Улам кыскарып отуруп, мелдешке негизги талапкер болгон 4 гана команда калды. Алар: Аргентина, Голландия, Бразилия жана Германия. Мелдешке эч бир команданы кайтаруу мүмкүн эмес. Демек, жарым финал болчу күндөрдү гана күтөбүз.

Белгилүү болгондой, жарым финалда мелдеште башкы талапкерлер деп эсептелген Бразилия менен Германия жана 9-июль түнү ойношот. Элдер да чемпиондукту дал ушул эки команданын бири утарын болжошууда. Себеби Германия мелдештин алгачкы күнүнөн тарта өзүн фаворит катары көргөзсө, Бразилия үй ээси катары мелдешти утууга катуу милдеттендирилген. Экинчи жарым финалдык беттеште Голландия менен Аргентина кез келет. Бул беттеш 10-июль күнү орун алат.

Оюндар тууралуу маалымат:

БРАЗИЛИЯ – ГЕРМАНИЯ

9-июль. Саат: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Белу-Оризонти шаары, “Минейран” стадиону

 

ГОЛЛАНДИЯ – АРГЕНТИНА

10-июль. Саат: 02:00

Стадион: Сан-Паулу шаары, “Арена Коринтианс” стадиону

ЖАРЫМ ФИНАЛ ТУУРАЛУУ АЙТЫЛГАН ОЙЛОР

Неймар, Бразилиянын лидери:

- Менин кыялым - Дүйнө чемпиону болуу. Бирок мен бул кыялымдын орундалуусу үчүн майданда күрөшө албайм. Мен жаракат алсам да, менин өнөктөштөрүм Кубокту утушат деп ишенем.

Филипп Лам, Германиянын капитаны:

- Неймар менен Тьяго Силванын жарым финалда ойнобой турганы бизге эч кандай жеңилдик алып келбейт. Анткени бул командада алардын ордун толуктачу оюнчулар жетиштүү. Бизди да алдыда кыйын оюн күтүүдө.  

Лионель Месси, Аргентинанын капитаны:

- Аргентина 1990-жылдан бери Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыга элек болчу. Биз команда менен жарым финалга чыкканыбызга кубанычтабыз. Биз үчүн жарым финал жетиштүү эмес. Биз мындан ашыгын көздөп турабыз.

Луи ван Гал, Голландиянын башкы машыктыруучусу:

- Голландиянын максаты – Дүйнө чемпиондугун утуу. Ооба, бизди өтө мыкты команда деп атоого болбойт. Бирок ошол эле учурда бизди утуу да оңой эмес.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
07.07.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
финал Бразилия Аргентина.адаттагыдай эле Германия жарым финалда утулат
07.07.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да финалда Бразилия м-н Аргентинаны көрсөм дейм
07.07.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентина чемпион буюрса
07.07.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландия алга!
07.07.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Финалда Нидерланды-Гермагия ойносо керек, а жеңүүчү албетте Голланддар болот.
07.07.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландия чемпион болот болуш керек ))))
07.07.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентина чемпион болот деп умуттоном!!!!!!!!!
07.07.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентина болот буйруса
08.07.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия менен Германия 8- июль саат 02-00 ойнойт. 9-июль деп жазып коюпсуздар го
08.07.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
musa1986, Саламатсызбы!
БРАЗИЛИЯ – ГЕРМАНИЯ 9-июлда Бишкек сааты боюнча 02:00дө ойнойт.
Ойлоп көрсөңүз, бүгүн саат 00:00дөн өткөндөн кийин 9-июль деп эсептелет да.
08.07.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга КЫРГЫЗСТАН !!!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: