super.kg logo

Ош. Жылуулук сезону үчүн керектелүүчү көмүр отунун сатып алууга карата өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы чыгарылды

 

Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасында өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда 2014-2015-жылдардын кыш мезгили үчүн керектелүүчү көмүр отунун сатып алууга тендер жарыяланып, жалпысынан 5 жеке ишкана катышкан. Ал эми «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынан маалым болгондой, жыйынтыгында «Перити КОАЛ» ЖЧКсы утуп чыккан. Анда БСШ үлгүсүндөгү көмүр отунунан 5000 тонна, ар бир тоннасын 1350 сомдон, ал эми БР үлгүсүндөгү көмүр отунунан 2700 тонна, бир тоннасын 3000 сомдон сатып алууга келишим түзүлдү.

Ошондой эле жылуулук сезону үчүн 1000 тонна нефть каражаты - мазут үчүн Жалал-Абад облусундагы «Кыргызнефтегаз» ААКсы менен келишим түзүлдү.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: