Уимблдон мелдешин теннисчи Новак Жокович утуп алды

Кечээ, 6-июлда Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 ири мелдештин бири Уимблдон мелдеши жыйынтыкталды. Анда мырзалар арасында финалда сербиялык Новак Жокович менен швейцариялык Роджер Федерер кез келишип, Жокович жеңүүчү аталды (6:7, 6:4, 7:6, 5:7, 6:4 эсептери катталды). Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Сербиялык теннисчи Новак Жокович ушуну менен өз карьерасында 7-ирет Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерде жеңүүчү аталды.
Кошумчалай кетсек, кыз-келиндер арасындагы финалда чехиялык Петра Квитова канадалык Эжени Бушарды утуп алды (6:3, 6:0). Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.