КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевге сөгүш жарыяланды
КТРКнын Байкоочу кеңеши тарабынан телеканалдын башкы директору Кубат Оторбаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралу аталган Байкоочу кеңештин мүчөсү Илим Карыпбеков өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. Анда айтылгандай, 17-январда КТРКнын Байкоочулар кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынын өткөрүп, телеканалдын аткарып жаткан иштерине баа берди. Узакка созулган талашып-тартышуудан жана көптөгөн видео материалдарды көрүп чыгуудан кийин ишиндеги кемчиликтери үчүн Кубат Оторбаевге сөгүш жарыяланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында бул чечимге байкоочу кеңештин 10 мүчөсү "макул" деп добуш берсе, эки киши "каршы" деп добуш берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
2

