super.kg logo

Ош. Кара-Сууда ажылык сапар үчүн өткөрүлгөн чүчү кулакка нааразы болгондор менен облус казысы жолугушту

 

Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов Кара-Суу районунда ажылык сапарга баруу үчүн катталып, бирок чүчү кулактан өтпөй калып нааразычылык билдирген аксакалдар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда облустук казыяттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жыл-Келди айылынын тургуну Мамат Арынов жана башка бир катар аксакалдар ажылык сапарга баруучуларды тандоодо чүчү кулактын компьютер аркылуу жүргүзүлгөнүнө нааразычылык билдирип, адилетсиз өткөнүн айтышкан. Алар ажыга баруучулар арасында чүчү кулакты компьютерде эмес, колдо өткөрүү талабын коюшкан. Нааразы болгон тараптын талабын угуу үчүн барган Ниязалы Ариповго аксакалдар жаңы технологияны түшүнбөгөндүгүн билдиришти. Бирок казы чүчү кулак кандай жол менен өткөнүн, чүчү кулак компьютер аркылуу адилеттүү болгонун, эч кандай коррупциялык көрүнүш жок экенин айтты. 

Айта кетсек, аксакалдардын Ниязалы Арипов менен жолугушуусунан соң буга чейинки нааразычылыктарга жана жаңы технологиялык жол менен өткөрүлгөн чүчү кулакка болгон түшүнбөстүктөр токтогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.07.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин абам ооруканага тушуп калдыго.отбой калып дагы канчалаган адамдар нааразы б.п журушот коррупция болуп кетти деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: