super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун жылдык кирешеси 698 635 сом

 

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов (сүрөттө) 2013-жылы 698 635 сом маяна алыптыр. Тапшырган декларациясында министр айлыгынан башка маалымат берген жок. Анын жакындары былтыр 1 миллион 094 400 сом киреше табышса, 126,5 чарчы метр аянтты ээлеген батирге ээлик кылышат. Автоунаасы: Лексус RX330.

Алиясбек Алымкуловдун орун басары Марат Нуралиев өткөн жылы 648 225 сом киреше тапканын айтты. Мунун 358 949 сому маяна, калганы кошумча кирешеси. Мындан башка маалымат берген жок.

Министрдин дагы бир орун басары Касым Чаргынов былтыр 198 431 сом маяна алган. Ага караштуу 402,8 чарчы метр аянтты ээлеген имарат бар. Жакындарынын мүлктөрү: 1 үй, 2 автоунаа: 1997-жылы чыгарылган Хонда Цивик жана 2002-жылы чыгарылган Хонда Аккорд.

Министрдин мурунку орун басары Бактыбек Исаков былтыр 241 135 сом маяна алган. 53 чарчы метр аянтты ээлеген батирге ээлик кылса, автоунаасы: Тойота Камри.

Министрдин дагы бир мурунку орун басары Иноват Ниматова 69 133 сом маяна алганын көрсөттү. Экс-чиновник 152,76 чарчы метр жерди ээлеген үйгө ээлик кылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: