super.kg logo

“Супер-Инфо” гезитинин редакциясына куудул Жамбыл Камчиев баштаган артисттер жарамазан айтып келишти (фоторепортаж)

 
"Супер-Инфо" гезитине артисттер жарамазан айтып келишти.
"Супер-Инфо" гезитине Жамбыл Камчиев баштаган артисттер жарамазан айтып келишти.
"Супер-Инфо" гезитине жарамазан айтып келатышкан артисттер.
"Ассалому алейкум, жарамазан, Он эки айда бир келген орозожан, Орозоңуз кабыл болсун, туткан адам. Орозодо союлган кара борук, Аталардан калган экен ушул жорук",- деп жар салган Ийгилик Курулушов.
Жамбыл Камчиев күлкү сунуп жатат.
"Рамазан айыңыздар кут болсун, кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Ар бир үйгө кут, ырыскы, береке толсун",- деп бата беришти коноктор.
Келген коноктор куру кетишкен жок, аларга белектер тапшырылды.

Бүгүн, 7-июлда “Супер-Инфо” гезитинин редакциясына куудул Жамбыл Камчиев баштаган артисттер Ийгилик Курулушов, Муратбек Абралиев, Руслан Бусурманов, Калык Сатынгулов кыргыз элинин каада-салтын улай жарамазан айтып келишти. Кыргыздын улуттук кийимдерин кийишкен ак калпактуу артисттер аса таяк, аккордеон, комуз, гитара өңдүү аспаптардын коштоосунда ыйык Рамазан айынын келгенин жар салып, адыр-адыр тоолордон ашып эң биринчи эле биздин редакция келишкенин айтышты. 

Коноктор жакшылык, тынчтык каалап, жаңыртып обон созушту, алакан жайып бата беришти. Биз өз кезегибизде аларга белек ыроолоп, жылуу узаттык.

“Былтыр да жарамазанды биринчи эле “Супер-Инфо” гезитине айтып келгенбиз. Быйыл бир гана жарамазан айтпастан, өзүбүздүн өнөрүбүздү тартуулап, диний-маданий иш-чарабыз менен Кыргызстандын 7 дубанын кыдырып чыгабыз. Муну менен катар элди орозо кармаганга чакырып жатабыз”,- дейт Жамбыл Камчиев.






“Жарамазан айтып келдим эшигиңе...”

Автор: Айзат Болтобек кызы
Оператор: Азамат Бакиров, Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
07.07.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тим эле койушбаптыр да андан коро концерт койсо болмок жарамазан айтык аттуу концерт деп,
07.07.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Samandar, жарамазан 12 айда Бир келип жатпайбы ошон учун айтып калыш керекта а концертти болсо каалаган убакытта кое берсе болот!!!
07.07.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
видеосуну качан чыгарасынар
07.07.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Almanbet.kg, Саламатсызбы!
Видеосун бир аз убакыттан кийин көрө аласыздар.
07.07.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
oi kyzyksyngo konsert bawka jaramazan bawka bolot.jaramazan aityp korgonsynby ozy..
aityp korson bul jaramazan aitkan kyzyk..
SUPER.KG видео
07.07.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец агаларыбыз бар болсун
07.07.2014. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтырда жарамазан айтышкан еле Базар Коргонго быйылда кутобуз анда Жамбыл байке
07.07.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
SUPER.KG видео
07.07.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфо кыргызстанда алдынкы оорунду ээлеп жатканын ушул жерден билсе болчудай.жарамазанчыларга жолдору шыдыр болсун демекчимин,мына ушулар чыныгы артистер менимче.
SUPER.KG видео
07.07.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
игилик сиздерге бар болгула
08.07.2014. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жарамазан уйго айтылат ко
SUPER.KG видео
08.07.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоокканаңардан түлкү кетпесин дегени кандай? )) Түлкү тоокторду уурдап кетет го)
08.07.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жарамазанды бизнеске айлантып алышты. Балдар кочодон токтотуп алып жарамазан айтканда, аргасыз кулосун. Уйдун эшиги тына элек жарамазанчылардан, нан берсен ыраазы болушпайт.
08.07.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alirun, сен жарамазан айткандарга нааразы болбо!анан дагы эмне бересин ичини оорутпа кыргызда канча бут келсе ошончо кут кирет деген соз бар го ошону унутпа .........сен деле кыргыз болушун керек !
SUPER.KG видео
08.07.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы тооканандан тулку кетпесин деген жерин тушунбой калдым )))) Байкебиз адашып кетти болуш керек...
SUPER.KG видео
08.07.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тоокканада тоок болсо гана түлкү келсе керек. Демек, жок болбой, дайыма бар болуп турсун (бай болгула) дегенди айткысы келген го...
SUPER.KG видео
13.07.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун айтышыптыр го, жакты)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: