super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 1943-жылы Ленинград шаарын душмандардан коргоо маалында курман болгондорду эскерүү кечеси болду

 

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарындагы "Жеңиш" сейил багында 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинград шаарын коргоодо курман болгон баатырларды эскерүү кечеси болду. Аталган иш-чарага  Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, шаар мэри Иса Өмүркулов жана бир топ ардагерлер келишип, Ленинградды коргоодогу курман болгон инсандардын элесине арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшту. Иса Өмүркулов Ленинград курчоодо калганда кыргыз жоокерлери да чоң эрдиктерди жасашканын, шаарды коргоо үчүн курман болгондордун саны дайынсыз жоголгондорду эсепке албаганда 4,5 миң экенин айтты. “Курман болгондор дайым эсибизде. Келечекте тынчтык өкүм сүрсүн, жаш муундарыбыз согуш эмне экенин билбесин” деди шаар башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: