super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Айыл чарба министрлигинин мурунку башчысы Чыңгысбек Узакбаев былтыр 469 552 сом киреше тааптыр

 

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мурунку жетекчиси Чыңгысбек Узакбаев (сүрөттө) 2013-жылы 469 552 сом киреше тапкан. Экс-министр өзүнө караштуу бир үй бар экенин айтат, аянты 120 чарчы метр. Декларацияда жакындарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат көрсөтүлгөн жок.   

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев өткөн жылы 286 105 сом киреше тапкан: 225 880 сому маяна, 6600 сом педагогдук ишмердүүлүгүнөн жана 53 625 сому илимий ишмердүүлүгүнөн тапкан кирешеси. Бир үй, бир дачанын ээси (аянттары 600 жана 1500 чарчы метр). Керималиев бир автоунаага, бир ишкананын 19 пайыздык акциясына ээлик кылат. Жакындары былтыр 460 000 сом киреше табышкан. 96,6 чарчы метр аянтты ээлеген кыймылсыз мүлктүн башка түрү таандык.  

Айыл чарба министринин мурунку орун басары Дыйканбай Кенжебаевдин жылдык кирешеси 341 426 сом. 55,54 чарчы метр батирге, бир автоунаага ээлик кылат. Жакындары былтыр 424 953 сом киреше табышса, бир үйдүн, бир автоунаанын кожоюндары. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: