super.kg logo
  Саясат  

Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварднадзе 86 жаш курагында дүйнө салды

 
Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварднадзе 86 жаш курагында каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда чет өлкөлүк маалымат булактары жарыялашты. 
Э.Шеварднадзе акыркы айларда катуу ооруп жүргөнү айтылды. Сөөгү кайсы күнү жерге берилери азырынча белгисиз.
Эдуард Шеварднадзе:
1928-жылдын 25-январында Грузия ССРинин Ланчхутско районундагы Мамати кыштагында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Мектептен кийин Тбилисидеги Медициналык техникумду аяктап, 1959-жылы Педагогикалык институтту бүтүргөн.
Саясатка аралашкандан кийин, 1972-жылы Грузиянын Компартиясынын биринчи катчылыгына көтөрүлүп, 1985-жылы Михаил Горбачёв тарабынан СССРдин Тышкы иштер министрлигине дайындалган.
1985-1990-жылдары СССРдин Тышкы иштер министри, ал эми СССР тарагандан кийин, 1995-жылы Грузиянын президенти болуп шайланган. 
2003-жылы Грузияда бийлик алмашуу болуп, ошол жылдын 23-ноябрында кызматынан чегинген. Жергиликтүү мамлекеттик телевидение аркылуу Шеварднадзе ээлеген кызматынан кетүүнү тастыктаган документке кол койгондугун билдирген. Анда Грузиянын экс-президенти оппозиция тарабындагылар менен тирешүүдө бейкүнөө адамдардын каны төгүлбөшү үчүн ушундай кадамга барганын маалымдаган. 
2004-жылдын 4-январында өлкөдө президенттик шайлоо болуп, оппозициячыл саясатчы Михаил Саакашвили шайлоого катышкандардын 80 пайыз добушуна ээ болуп, жеңишке жетишкен. 
Шеварднадзеге эки жолу кол салуу болгон. 1995-жылдын август айында жардырылган заттан жаракат алган. 1998-жылдын февраль айында Тбилиси шаарында президенттик кортежди белгисиз адамдар гранатомёт жана автомат менен аткылашкан. Брондолгон унаа Э.Шеварднадзенин өмүрүн сактап калганы белгилүү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: