Бокс боюнча Казакстан Республикасынын Президентинин Кубогунда кыргыз мушкерлери 4 медаль утушту
2-6-июль аралыгында Казакстан Республикасынын Президентинин Кубогуна арналып 17-ирет уюшулуп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы эл аралык мелдеш аяктады. Бул тууралуу КРнын Бокс федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке 1999-2000-жылдары төрөлгөн спортчулар катышып, Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан мамлекеттеринен мушкерлер күч сынашты. Алардын жалпы саны 154кө барабар болду.
Анда кыргыз мушкерлеринен 60 килограмм салмактык бөлүктө Ырыскулов Эржан күмүш медаль тагынды. Кадыров Эрлан (63 кг), Умирбек уулу Данияр (66 кг), Чаткалбеков Алишер (75 кг) 3-орунду ээлешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.