Токой чарба агенттиги Айдаркен сымап комбинатына керектүү жабдуу боюнча сынак жарыялады
Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги Айдаркен сымап комбинатына керектүү жабдуу боюнча тендер жарыялады. Муну бүгүн, 7-июлда аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка таянсак, Айдаркенде сымап өндүрүүдө келип чыккан глобалдык жана жергиликтүү экологиялык зыяндын деңгээлин азайтууга байланышкан долбоору боюнча сымап анализатору керек болууда. Тийиштүү документтерди кабыл алуу 2014-жылдын 15-июлуна чейин уланат. Катышууну каалагандар аталган агенттикке кайрылууга же projectkyrgyz@gmail.com электрондук дарегине кат жиберүүгө тийиш. Мөөнөтүнөн кечигип келген сунуштар каралбай турганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

