super.kg logo

Калия Арабекова:"Акчам жоктугунан Таласка бүгүнкү сот отурумуна бара албай калдым"

 

Бүгүн "Таласта сот аткаруучулар тарабынан зордукталды" делген Калия Арабекованын иши боюнча сот отуруму 21-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Талас шаардык сотунан бүгүн, 7-июлда билдиришти. Сот отуруму жабырлануучунун келбегендигинен улам жылдырылган. Бул боюнча жабырлануучу Калия Арабековага кайрылганыбызда: "Бүгүн сот отуруму болмок. Бирок мен өткөндө Бишкекте Жогорку Сотто сот болот деп келип алган боюнча, акчам жоктугунан Таласка кете албай жатам. Учурда кризистик борбордомун. Ооруп да калдым. Анын үстүнө сотко барганда жактоочум менен барышым керек. А жактоочуга акча бериш колумдан келбей жатат",- деп билдирди.

Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз КарымбаевАлтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары "өткөн жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташкан" деп шектелишүүдө. Аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташканы айтылган. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүлгөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.07.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зордуктаган сот аткаруучулардын деле суротун чыгарып койсо ээ. Бул келин акчасы жок, соттон по-любому утулат."Карга карганын козун чукубайт" - деген соз бекеринен айтылбаса керек.Эгер куноолору далилденип сотолуп кетсе Кыргызстанда адилеттик пайда болуптур деп кичине болсо да ишенип калат элек.
Dadin1 түзөттү 07.07.2014 17:09
08.07.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен бул эжеге ишенбей калдым балдар бойдок болсо экен зордоду дегидей же эже жаш болсо экен чынында эженин артында башка адам турат деп ойлойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: