Эртең Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт
Эртең, 8-июлда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн тартып 17:00гө чейинки убакыт аралыгында Бөкөнбаев, Коёнкөзов, Чуйков, Исанов көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Ошондой эле жогоруда аталган сааттарда Кайырма, Аламүдүн (Заводской туюк көчөсүндө, Некрасов, Суворов, Зелёный Клин көчөлөрүндө), Ленинское (Восточная, Алма-Атинская, Виноградная көчөлөрүндө), Көк-Жар (Кыял, Майрам, Карагул Акмат, Мадыева көчөлөрүндө) аймактарында, Төрт-Көл жаңы конушунда да электр жарыгы убактылуу өчүрүлүшү ыктымал. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.