super.kg logo
  Спорт  

Бразилия-2014: Бүгүн жарым финалда Бразилия менен Германия беттешет

 
Бразилияга жан тарткан сулуулардын бири...
Германиянын күйөрманы.
Бразилиянын башкы машыктыруучусу Луис Филиппе Сколари.
Германиянын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёв.
Сары жана жашыл түстөр Бразилиянын күйөрмандарына таандык. Аларды стадиондо оңой баамдоого болот.
Германиянын күйөрмандары ар кошкон түстөрдү алып жүрүшөт.
Бразилия курама командасы.
Германия курама командасы.
Германиянын курамындагы мыкты бомбардир Томас Мюллер.

Финалга бир гана кадам калды, ал эми чемпиондукка 2 кадам. Финалдык алгачкы жолдомо ээсинин аныкталарына саналуу сааттар калды. Бразилия же Германия? Бүгүн, 8-июлдан 9-июлга караган түнү бул командалардын айыгышкан беттешине күбө боло алышат. Ооба, беттеш Бишкек сааты боюнча 02:00дө старт алат. Бирок бул футбол сүйүүчүлөрүнүн футбол көрүүсүнө тоскоолдук жарата албаса керек.   

БРАЗИЛИЯ – ГЕРМАНИЯ

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты менен)

Стадион: Белу-Оризонти шаары, “Минейран” стадиону  

Калыс: Марко Родригес (Мексика)

БРАЗИЛИЯ

Өткөндөн кыскача: 2002-жылы Бразилия Дүйнө чемпиондугун өз тарыхында бешинчи ирет уткан. Команданын “алтын доору” болгон ошол учурда Роналдо, Ривалдо сыяктуу мыкты оюнчулары бар эле. Андан кийинки Бразилия бир топ чоң өзгөрүүгө туш келип, көрүнүктүү лидери жок ойноп калган учур болду. 2006-жылы жана 2010-жылы бразилиялыктар Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдарында мелдештен четтеп калышкан. Команданын курамы бир жылы күчтөнүп, бир жылы алсыз болуп жүрдү.

Учурда: 2013-жылдан тарта Луис Филиппе Сколари машыктыруучулук кызматынан пайдаланып, жалаң жаштарга басым кылуу менен ушул курамды түздү. Команда каршы чабуулдарда жана стандарттык абалдарда мыкты ойнойт. Каалаган маалда оюн темпин көтөрүүгө күчү жеткен команда. “Бразилия утуш үчүн атаандашы анын оюнуна түшүшү керек. Болбосо оюн тагдырын стандарттык абалдар чечет” деген кептин чын-бышыгын бүгүн билмекчибиз.   

ГЕРМАНИЯ

Өткөндөн кыскача: 2002-жылы Корея жана Японияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында дал ушул Бразилияга утулган. Немис футболу андан 12 жыл өтсө да, сапатын жоготпой келүүдө. Бирок дайыма биринчини эмес, кийинки орундарды ээлеп келет. Германиялыктар 2006-жылы жарым финалда Италияга утулуп, мелдештен четтесе, 2010-жылы “немис машинасын” Испания курамасы жарым финалда токтоткон.  

 

Учурда: Бул кураманын азыркы күчүн өлчөп болбойт. Мыкты оюнчулары жана мыкты тактикалык план менен иштеген машыктыруучусу бар команда. Атаандашка басым кылууну бир нече мүнөткө создуктуруп, ыңгайы келгенде туш-туштан сокку узатуу менен гол жаратып жатышат германиялыктар. Ошондой эле майдандын борбордук бөлүгүн ээлөө жагынан бул команда азыр алдына ат салдырбай келет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
08.07.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия алга!
08.07.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия-дүйнөлүк чемпион-2014!!!
08.07.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия чемпион болушу мумкун,мыкты команда!
08.07.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия алга.Месут Озил хет-трик сенден.Ийгилик!
08.07.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бразилия чемпион болот
08.07.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Германия жениши мумкун бирок мен Бразилияга балет етем
08.07.2014. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия женет буюрса.
08.07.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 команда тен татыктуу.....
08.07.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким мелдешет? Бразиля утат!
09.07.2014. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batyaalka, men meldewem, germania jenet 7-1 menen!!!)))
08.07.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аргентина чемпион ... Лионель Месси алгааа...
08.07.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
германия чемпион алар ага татыктуу
08.07.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deutschlaaand!!! Toooor!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: