super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Маданият министринин орун басарларынын ичинен эң көп киреше тапканы Бактыгүл Белекова, жылдык кирешеси 173 миң сом

 

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыгүл Белекова (сүрөттө) 2013-жылы 173 898 сом киреше тааптыр. Мунун 113 898 сомун маяна катары алса, калган 60 000 сому кошумча кирешеси. Автоунаасы: 1999-жылы чыгарылган Фольксваген Пассат. Жакындары 58,3 чарчы метр аянтты ээлеген бир батирге ээлик кылышат.

Министрдин орун басары Максат Чакиев 2013-жылы 105 797 сом киреше тапкан. “Үйүм, батирим же жер тилкем жок” дейт ал. Жакындарында 2003-жылы чыгарылган Хонда Стрим автоунаасы бар.

Министрдин дагы бир орун басары Айнура Темирбекова былтыр 91 659 сом маяна алганын, кошумча кирешеси жок экенин айтты. 60,9 чарчы метр жерди ээлеген батирдин ээси. Анын жакындары өткөн жылы канча киреше тапканы декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Автоунаасы: 2004-жылы чыгарылган Субару Легаси.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурунку башчысы Султан Раев былтыр 519 971 сом иштеп тааптыр. Анын жакындары 411 837 сом киреше тапса, 72 чарчы метр жерди ээлеген үйгө, 2002-жылы чыгарылган Мерседес-Бенц Е 230 автоунаасына кожоюндук кылышат.

Министрдин мурунку орун басары Кожогелди Кулуев бир жылда 235 373 сом маяна алганын айтат. Жакындарынын жылдык кирешеси 174 764 сом, мүлкү: 96 чарчы метр жерди ээлеген батир. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: